Милиция: Бишкекте 2020-жылы 400 ашуун бала жол кырсыгынан жабыркап, 8 бала каза болгон
2020-жылдын жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын аймагында жаш балдар катышкан жол транспорт кырсыктарынын саны 2019-жылга салыштырмалуу 39 пайызга азайган. Бул тууралуу кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын жыйынтыгы менен жаш балдар катышкан 354 жол кырсыгы катталып, 2019-жылга салыштырмалуу 228 ге азайган.
“2020-жылы 412 жаш балдар жол кырсыгынан ар кандай жаракаттарды алган. Ал эми жаш балдар катышкан жол кырсыгынан 8 бала көз жумуп, 2019-жылга салыштырмалуу 4 жаш балдарга азайган”, - деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан алганда 2020-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен жаш балдар катышкан жол кырсыгы 2019-жылга салыштырмалуу 39 пайызга азайган.
Добавить комментарий ×