Милиция Афганистан боюнча такталбаган маалыматты таратпоону эскертүүдө

18 августа 2021 13:42 579 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды Афганистан өлкөсүндөгү болуп жаткан окуялар боюнча такталбаган маалыматтарды таркатуудан алыс болууга чакырат.Бул тууралуу аталган ИИББге шилтеме берүү менен “Барометр” кабарлайт.

“Афганистан өлкөсүндө болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу айрым жарандар тарабынан аталган өлкөдөгү окуяларга тиешеси жок материалдар таркатылып, калк арасында негативдүү маанай жаратууда. Андыктан, Чүй облусунун ИИББы Афганистан өлкөсүндөгү окуяларга байланыштуу такталбаган материалдарды социалдык түйүндөр аркылуу  таркатпоого чакырат жана такталбаган маалыматтарды таркатууга жоопкерчилик каралганын эскертет”,-деп айтылат маалыматта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-afganistan-boyuncha-taktalbagan-maalymatty-taratpoonu-eskertd



Добавить комментарий