Милиция: Адам өлтүрүүгө шектелип 62 жаштагы аял кармалды

26 января 2021 10:18 3148 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 62 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын маалымат бөлүмүнө шилтеме берип "Барометр" билдирет

2021-жылдын 25-январда болжол менен саат  20:05 чамасында  Бишкек ШИИББнын "102" кызматына Каракум көчөсүнүн үйлөрүнүн биринде кишини бычак менен сайып салды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1980-жылы туулган Б.В. аттуу жаран бычактан жабыркап, 4-ооруканага алып кеткендиги белгилүү болгон.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1959-жылы туулган Б.Т. аттуу аялды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-adam-ltrg-shektelip-62-zhashtagy-ayal-karmaldy



Добавить комментарий