Миграциянын айынан Кыргызстанда 277 миң бала кароосуз калган

18 мая 2019 13:32 1090 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда эмгек миграциясынан улам 277 миңдей бала ата-энесинен кароосуз калган. Мындай маалыматтар мультииндикатордук кластердик текшерүүдөн улам белгилүү болгонун ЮНИСЕФ кабарлаган.

Балдар фондунун маалыматына караганда ата-энесинин кароосуз калгандардын саны акыркы төрт жылда 16 пайызга өскөн. 2014-жылы бул көрсөткүч 239,1 миң болсо, 2018-жылы 277,5 миң болуп эсептелген.

12 пайыз бала чет жактарда ата-энесинин бирөөсү менен жашайт. Мындай көрсөткүч Ош жана Жалал-Абад обласында (18 процент), ошондой эле Баткенде (14 процент) жогору. Балдардын 4 пайызы чет жакта атасы жана апасы менен бирге жашайт.

9 пайыз балдар биологиялык ата-энелеринин бирөө менен да жашабайт. Жалал-Абад областында мындай чек 14 пайызга жетет.

Изилдөө Кыргызстан боюнча 2018-жылдын ноябрь айында жүргүзүлгөн.

Мультииндикатордук кластердик текшерүү (МИКО) ЮНИСЕФ тарабынан 1990-жылы түзүлгөн. Эл аралык программа катары максаты өлкөдөгү аялдардын жана балдардын абалын изилдөө, көмөк көрсөтүү болуп саналат.  

Ссылка: https://barometr.kg/migraciyanyn-ajynan-kyrgyzstanda-277-mi-bala-karoosuz-kalgan



Добавить комментарий