Миграция кызматы Кыргызстанда жана Россияда жашаган эмгек мигранттарга кайрылды
Миграция кызматы Кыргызстанда жана Россияда жашаган эмгек мигранттарга кайрылды. Анда Россиянын 1-майга чейин чет өлкөлүктөрдү мамлекетке кирүүгө тыюу салышы боюнча түшүндүрүлөт.
Орус Федерациясынын өкмөтү 18-марттан 1-майга чейин чет өлкөлүк жарандарга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салды. Расмий билдирүүдө мындай чара коронавируска байланыштуу «өлкөдө коопсуздукту камсыздап, калктын саламаттыгын сактоо» үчүн көрүлүп жатканы белгиленет. Орус Федерациясынын Москва шаарында Мэрдин буйругу менен коронавирус коркунучуна байланыштуу, эл көп катышчу иш-чараларга дагы тыюу салынды.
Ушул себептерден улам, Миграция кызматы Орус Федерациясына барууну пландаштырып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын, көрсөтүлгөн убакыт аралыгында токтото турууга чакырат.
Ал эми учурда Орус Федерациясында эмгек миграциясындагы жүргөн мекендештерди коронавирус инфекциясын жайылтпоо боюнча өздөрү жашап жаткан мамлекеттин мыйзамдарын, өтүнүч талаптарын так туура аткарууга жана сактоого чакырат.
Добавить комментарий ×