Миграция кызматы коронавируска каршы акча которду

27 марта 2020 15:10 1397 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүгө жардам көрсөтүү максатында, 25-март 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мигарция кызматынын жетекчилиги Буйрук № 47-НИ чыгарды. Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.   

Аталган Буйруктун негизинде Мамлекеттик миграция кызматынын Төрагасы Болотбек Ибраимжанов март айындагы кызматтык маянасын жана Миграция кызматынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысынын өлчөмүндө акча каражаттарын коронавирустун алдын алуу боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн айтайын ачылган эсепке которушту.

Буга чейин бир катар мамлекеттик мекемелерин атайын ачылган эсепке акча каражаттарын которушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/migraciya-kyzmaty-koronaviruska-karshy-akcha-kotordu



Добавить комментарий