Мирбек Атабеков Кайрат Нуртас менен Нурлан Насиптин стилин уурдап алдыбы? Ырчы: "Кечирип койгула"

6 февраля 2019 14:19 2627 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Белгилүү ырчылардын бири Мирбек Атабеков өзүнүн таланты менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Анын дээрлик бардык чыгармалары "хит" болуп өз угармандарын табат. Атабеков акыркы учурларда жаңы чыгып жаткан кинолордун саунтрегин аткарып жүрөт. Ал бул жолу "Апамды издеп 2" кино тасмасынын саундтрегин ырдаганын кабарлады.

Ырчы сүрөттө чачын тегиз тарап көз айнек тагынып алган үчүнбү, айтор бул жолу окурмандар аны казак ырчысы Кайрат Нуртаска жана Нурлан Насипке окшоштурушту.

Бул сөздөргө жооп кылып Атабеков ошол эле стиль менен дагы бир сүрөт жүктөп:

"Кайрат Нуртаска же Нурлан Насипке окшошуп калыпсың дегендерге мен кошула албайм, кечирип койгула", -деп баяндама жазып койду.

Анда ырчынын окурмандары "чындап эле окшоштук бар" дешсе айрымдары "Кайрат Насип же Нурлан Нуртас" деп тамашага алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/mibek-atabekov-kajrat-nurtas-menen-nurlan-nasiptin-stilin-uurdap-aldyby-yrchy-kechirip-kojgula



Добавить комментарий