Миң-Куштагы уран калдыктарын тазалоо үчүн Европа биримдиги 10 млн евро бөлөт

9 ноября 2018 12:02 1189 Barometr
Поделиться в:
ok

Европа Биримдиги Миң-Куш жана Майлуу-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жайларды реабилитациялоо долбооруна 10 миллион евро бөлмөй болду. Бул тууралуу 9-ноябрда уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады. 

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга бөлүнүп бериле турган бул каражат уран калдыктары сакталып жаткан жети аймакта экологиялык кырсыктарды алдын алууга, зыянды азайтууга жумшалат.

Адистердин айтымында, аймакта элге жана айлана чөйрөгө коркунучтуу уу заттардын көлөмү 1 миллиард тоннадан ашат.

10 миллион евро боюнча чечим кабыл алынган эл аралык донордук конференция Кыргызстандын демилгеси боюнча Лондондо Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкына тиешелүү аянтчада болуп өттү.

Эске салсак Европа биримдиги буга чейин да уран калдыктарын реабилитациалоого 16млн евро бөлгөн болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/mi-kushtagy-uran-kaldyktaryn-tazaloo-chn-evropa-birimdigi-10-mln-evro-blt



Добавить комментарий