Метрого кулап кеткен адамды куткарып калган кыргыз жигитине элчилик ыраазычылыгын билдирди

13 марта 2021 10:07 4611 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвадан метронун рельсине кулап кеткен орус улутундагы адамды куткарып калган Алмазбек уулу Сыймык менен Кыргызстандын Россиядагы элчиси Эдуард Насиров жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, кече, 12-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу Эдуард Насиров Москва метросунун рельсине кулап кеткен адамды куткарып калган кыргызстандык Алмазбек уулу Сыймык менен жолугушту.

“Метронун кезектеги поездинин келишине бир мүнөт калганына карабастан, 21 жаштагы кыргызстанда туулган Сыймык башка жаран менен кошо рельске секирип, кулап түшкөн адамды метронун станциясынын платформасына көтөрүп үлгүргөн.

Сыймыктын айтымында, ал рельстен ылдый түшүү жөнүндө эч кандай ою болгон эмес, бирок ал жакка кантип жеткенин өзү деле түшүнгөн эмес, демек, кыргыз жаранынын боорукер жүрөгү бул окуяга кайдыгер кароого мүмкүндүк берген эмес.

Элчи Сыймыктын тайбастыгы жана оор кырдаалда көрсөткөн эр жүрөктүүлүгү үчүн элчиликтин атынан ыраазычылык билдирди”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 9-март күнү саат 17:30-18:00 чамасында Москванын «Крестянская Застава» метросунда белгисиз адам электр поездинин акыркы вагонунан чыгып, рельске кулап, эсин жоготуп жатып калганда мекендешибиз Сыймык Алмазбек уулу өз өмүрүн тобокелге салып, куткарып калганын жазганбыз.

Ссылка: https://barometr.kg/metrogo-kulap-ketken-adamdy-kutkaryp-kalgan-kyrgyz-zhigitin-elchilik-kabyl-alyp-yraazychylyk-bildirdi



Добавить комментарий