Метродо чарчап, уктап бараткан эки кыргыз бала. Сүрөттүн авторун кыргыздар сынга алууда
Метродо чарчап, уктап бараткан эки кыргыз баланын сүрөтү социалдык тармактарда талкуу жаратты. Сүрөттү жарыялаган анын автору Дмитрий Марков аттуу Фейсбук колдонуучу уктап жаткан балдардын башындагы "Кыргызстан" деген жазууга көңүл бурбай эле тартып алган. Бирок, социалдык тармактарга жарыяланып кеткенде көбүнчө кыргыздар абдан чон талкууга алышкан.
Ал эми автор реалдуу турмуштагы сүрөттөрдү тартып алектенерин айтып, мынчалык чоң талкуу жана терс билдирүүлөр кыргыздар тарабынан айтылып жатканына тынчыздануусун билдирип, кайрадан сүрөт тууралуу пост чыгарган.
"Бул сүрөттө мен мигранттарга басым жасаган жокмун. Уктап жаткандардын баш кийимине да көңүл бөлүнгөн эмес. Алардын ордуна башка жаш түгөйлөр, клубдан келе жаткан жаштар же болбосо Москванын тегеринде жашаган бардык улуттар деле болуп калышы ыктымал болмок. Бул жерден менин темам "адамзат темасы". Бул ушундай жашоо"-деп жазган.
Бирок, автордун сүрөткө "ренессанс" деп жазганы көпчүлүк кыргыздардын жинине тийген. Алар метродо уктап, мас болуп бара жатат дегенде мааниде жазгандыгың үчүн кечирим сурашың керек деп билдиришкен.
Добавить комментарий ×