Месси: Коронавирустун шартында күйөрмандары жок футбол ойноо кызыксыз экен
"Барселонанын" чабуулчусу жана капитаны Лионель Месси стадиондордо күйөрмандары жок коронавирус пандемиясынын шартында беттештерден алган таасирлери менен бөлүштү. Бул тууралуу Marca агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
«Күйөрмандарсыз ойноо кыйынбы? Ооба, бул абдан кыйын », - деп айтып, күйөрмандарсыз ойноонун өзү кызыксыз экендигин кошумчалады.
Спортчунун айтымында, стадиондо күйөрмандар жок болгондо, матчтар машыгуу сыяктуу болуп, оюнга кирүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Форварддын айтымында, пандемия футболдун кескин өзгөрүшүн шарттап, жаман жагына алып келди. Анын айтымында пандемия батыраак бүтүп, адамдар кайрадан стадиондорго кайтып жана оюнчулар кадимки күйөрмандардын колдоосу алдында оюун көрсөтөт деген үмүтүн билдирди.
Буга чейин, Месси “Валенсия” менен болгон беттешинде өзүнүн 43-голун Испаниянын футбол боюнча чемпионатынын биринчи жарымында киргизген.
Баса белгилей кетсек, буга чейин, бир клубдун атынан ойноп, эң көп гол киргизген жалгыз футболчу Пеле бразилиялык “Сантос” клубуна атак алып келген.
Ссылка: https://barometr.kg/messi-koronavirustun-shartynda-kjrmandary-zhok-futbol-ojnoo-kyzyksyz-eken
Добавить комментарий ×