Мэриянын спорт башкармалыгынын бюджетин уурдаган коррупциялык схема аныкталды
Бишкек шаардык мэриясынын дене-тарбия жана спорт башкармалыгында бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Республикасынын УКМК ККК тарабынан Бишкек шаардык мэриясынын дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды.
Такталгандай, дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы «Д.Д.Б.» жооптуу адамдар менен биргеликте, спортчуларды машыгууга чыгуусун күбөлөңдүргөн жасалма документтерди жасоо жолу менен бюджеттик каражаттарды өздөрүнө такай ыйгарып алып турган, бирок, ал машыгуулар уюштурулган эмес.
Иш жүзүндө машыктыруучулар жана спортчулар аталган кагаз жүзүндөгү машыгууларга бюджеттик каражаттан 3 млн. сом сарптаганы аныкталды.
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-б. (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Добавить комментарий ×