Мэриянын алдына Азиз Суракматовдун мэрлик кызматка келүүсүн талап кылып тарапташтары митинге чыгышты (видео)
Поделиться в:
Бүгүн, 8-октябрда Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматовдун тарапташтары мэриянын алдына митинге чыгышты.
Алар Азиз Суракматовду кайрадан мэрлик кызматка келүүсүн талап кылып чыгышып, “Суракматов биздин мэр!” деп кыйкырып турушат.
Буга чейин Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алматбетова элди мэриянын алдына чогулууга чакырып, мурунку мэрди кайрадан кызмат ордуна алып келүү аракети болуп жатканын фейсбукка жазган.
Эске салсак, 6-октябрда Бишкектин мэри Азиз Суракматов өз каалоосу менен арызын жазып, кызматтан кеткен.
Добавить комментарий ×