Мэрияны тоготпогон «Кайнар» ресторанында кайрадан куран окутулду

26 августа 2020 16:34 1242 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарындагы "Кайнар" рестораны кайрадан массалык түрдө адамдарды чогултуп куран окуткан. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Маалыматта, тойкана бул ирет дагы көп кишинин катышуусунда куран окутуп, санитардык нормаларды сактаганбагандыгы айтылат.

Буга тиешелүү кызматтын адистери массалык иш-чарага күтүүсүз кирип барып, Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин ("Ыйгарым укуктуу органдын талаптарын, чечимдерин аткарууда тартип бузуу") негизинде протокол түзүшкөн.

Буга байланыштуу мэрия бизнес ээлерине кайрылды.

"Урматтуу ишкерлер, рестораторлор! Вирус Бишкекте жоголо элек, элдин өмүрүн оюнчук көрбөңүздөр. Жоопкерчилик бардыгына бирдей болушу керек. Ошондой эле шаардыктардан конокко барып, той-аш өткөрбөй турууну суранабыз", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, аралыкты сактап, маска, антисептик колдонуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Эске сала кетсек, ресторан буга чейин үч ирет массалык иш-чара өткөргөн. Акыркысында "колго түшүп", айып пул салынып, убактылуу жабылган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/meriyany-togotpogon-kajnar-restoranynda-kajradan-kuran-okutuldu



Добавить комментарий