Мэрия жол кесилиштерин камера орнотууга даярдоо иштерин аяктады
Поделиться в:
Бишкек мэриясы “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында камера менен жабдыла турган 9 жол кесилишиндеги, 2 жол өтмөгүндөгү жол инфраструктурасын даярдоо иштерин аяктап калды.
Мэриядан кабарлашкандай, учурда 97 пайыз жумуш бүткөрүлдү, бүгүн 12-мартка карай инфраструктура толугу менен даяр болот.
Аталган жол кесилиштеринде тиешелүү жол сызыктары чийилип, жол белгилери жана светофорлор орнотулду.
Ссылка: https://barometr.kg/meriya-zhol-kesilishterin-kamera-ornotuuga-dayardoo-ishterin-ayaktady
Добавить комментарий ×