Мэрия өрт кырсыктары жана андан каза тапкандар көбөйгөнүн билдирди
Бишкекте өрт кырсыктары жана тилсиз жоодон каза тапкандар көбөйдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Өрттүн негизги себептери электр жылыткычтарын, жылытуучу мештерди жана түтүн чыккан морлорду колдонуу эрежелерин бузуу, чылымдын калдыктарын таштоо болуп жатат.
“Быйыл өрт кырсыктарынан беш адам каза тапты жана сегиз адам жабыркады. 2021-жылдын 9 айында Бишкекте 406 өрт болду, өткөн жылы 313 өрт кырсыгы катталган эле”,-деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.
Тилсиз жоонун көбөйүшүнөн улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери базарларда, май куючу жайларда 16 өрттүк-тактикалык окутуулар менен машыгууларды өткөрдү.
Ссылка: https://barometr.kg/meriya-rt-kyrsyktary-zhana-andan-kaza-tapkandar-kbjgnn-bildirdi
Добавить комментарий ×