Мэрия мыйзамсыз орнотулган объектилерди сүрдүрүүдө (Сүрөт)

12 августа 2020 11:56 824 Barometr
Поделиться в:
ok

Мэрия мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери пандемия шарттарында мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Абдымомунов көчөсү 235 дарегиндеги кирпичтен курулган дубал жана Абдымомунов көчөсү 233 дарегиндеги бала бакчанын тосмосу алынды.

Мындан тышкары, Айни көчөсү 201 үйүнүн жанындагы эки күркө алынды. Бул күркөлөр уруксат кагазы жок иштеп келген.

Юнусалиев көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан «Сanto resto club» мекемеси мыйзамсыз, тиешелүү уруксат кагаздары жок кире беришин орнотуп алгандыгы аныкталып, башкармалык тарабынан алынып салынды.

Эскерте кетсек, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын милдетин Азамат Кадыров аткарып жатат. Ал буга чейин башчынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Ссылка: https://barometr.kg/meriya-myjzamsyz-ornotulgan-obektilerdi-srdrd-srt



Добавить комментарий