Мэрия Маданият министирлигине айып пул салды (сүрөттөр)

24 августа 2020 17:49 1205 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаардык мэриясы тарабынан Маданият, маалымат жана туризм министрлигине мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы берген маалыматка таянып «Барометр» билдирет.

Маалыматта, министрликтин аймагына кирген Кычан Жакыпов атындагы сейил бак каралбай, айланасына таштанды толуп кеткени айтылат.

"Министрликке сейил бакты иретке келтирүү боюнча мыйзамдуу буйрук кагазчасы тапшырылган. Бирок ведомство аны аткарган эмес. Сейил бактын абалы мурдагыдай эле абалда калган. Анын негизинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигине санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн протокол түзүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Мэрия шаардыктар үчүн санитардык-экологиялык патрул байланышта  экенин эскертет: 0558 588 840.

Ссылка: https://barometr.kg/meriya-madaniyat-ministirligine-ajyp-pul-saldy-srttr



Добавить комментарий