Мэрия: Көчөдөгү жайма базарлар жана оюн жайлары жабылды

10 сентября 2020 15:51 2495 Barometr
Поделиться в:
ok

Шаардык мэрия калаадагы сейил бактардагы жайма базарларды жана оюн жайларды жапты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына таянып «Барометр» билдирет.

Райондук акимиаттардын кызматкерлери башаламан соода түйүндөрү жана аттракциондор менен күрөшүү боюнча рейддерди өткөрдү. Учурда пандемия шарттарында мындай жайларга иштөөгө уруксат бериле элек.

Бул жолу Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери жана Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен борбордук «Ала-Тоо» аянтын жана Панфилов атындагы сейил бакты жайма базарлардан тазалашты.

10дой оюн жайлары алынып, алардын кожоюндарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлерден шаардын аймагында соода жүргүзүү эрежелерин сактооңуздарды өтүнөт.

«Урматтуу шаардыктар! Жерге коюлуп сатылган азыктардын сапатына жана коопсуздугуна эч ким кепилдик бербе албайт, себеби, ал санитардык көзөмөлдөн өткөрүлгөн эмес. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!», -деди мэриядан.

Ссылка: https://barometr.kg/meriya-kchdg-zhajma-bazarlar-zhana-oyun-zhajlary-zhabyldy



Добавить комментарий