Мэрия Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салуу боюнча сунушунан баш тартты
Калаа башчысы Азиз Суракматов Бишкекте митинг жана ар кандай акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу чечиминен баш тартты. Бул тууралуу муниципалитеттин аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.
“Мэрдин митингдерди өткөрүүгө сот аркылуу тыюу салуу чечими коронавирустун алдын алуу жана шаардагы абалды турукташтыруу максатында кабыл алынган. Ал өкмөттүн же башка органдардын чечимине эч байланышы жок”, — деди ал.
Түлөбаев андан сырткары бул маселе коомчулукта ар кандай пикирлерди пайда кылганын, айрымдары митинг өткөрүүгө тыюу салууну колдосо, кээси КР Конституциясынын нормаларына таянууда деди. Андыктан Бишкек мэриясы соттун чечимин аны КР Констуциясына ылайык, мыйзам талаасында кароо үчүн чакырып алган.
“Эгер вирус эпидемиясы же калаада туруксуздук боло турган болсо Бишкек мэриясы сотко кайрылуу укугунан пайдалана алат”, — деди ал.
Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Биринчи Май акимиатынын борбор калаада 4-марттан 1-июлга чейин митинг жана башка акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча арызын канааттандырган.
Ссылка: https://barometr.kg/meriya-bishkekte-miting-tkrg-tyyuu-saluu-boyuncha-sunushunan-bash-tartty
Добавить комментарий ×