Мэрия аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам айдоочуларга чукул кайрылды

18 октября 2022 12:30 842 Barometr
Поделиться в:
ok

Шаар мэриясы тургундарды унааларды бак-дарактын түптөрүнө токтотпоого чакырат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматта, жамгыр дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизери белгиленген.

“Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объектилердин алдына токтотпоону өтүнөт.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, анда “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 номурларына кабарлаңыздар. Ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номерине жөнөтүңүздөр.

Этият болуңуздар”, -деп жазылат билдирүүдө.



Ссылка: https://barometr.kg/meriya-aba-yrajynyn-keskin-zgrsnn-ulam-ajdoochularga-chukul-kajryldy



Добавить комментарий