«Менин атам баатыр». Соц тармакта милициянын иши жөнүндө социалдык ролик жарыяланды (видео)

25 августа 2020 09:47 400 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык активисттер Бишкек ШИИБ басма сөз кызматынын колдоосу менен милиция кызматкерлеринин  маанилүү иши жөнүндө ролик тартышты. Бул тууралуу ШИИБ басма сөз кызматынын соц тармактагы баракчасына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Активисттер COVID-19 каршы дарыгерлер менен алдыңкы сапта болгон катардагы милиционерлердин өзгөчө кырдаалдар убагындагы кызматын белгилешти.

«Ушул ролик мыйзам сакчылыгында турган, күн сайын жооптуу кызмат аткарган, кылмыштуулук менен күрөшкөн жана өлкөдөгү тартипти камсыздаган борбордун милиция кызматкерлерине арналат. Биз милицияга рахмат айткыбыз келди – алар өз милдетин аткарышты жана борбордо тынчтыкты камсыздашты. COVID-19 пандемиясы маалында жарандардын тынчтыгы жана саламаттыгы үчүн жеке убактысын аябай, күнү-түнү дебей, өз ден соолугун жана кээде өмүрүн аябай жардамга келип жатышты», - деп активисттер белгилешти.


















Ссылка: https://barometr.kg/menin-atam-baatyr-soc-tarmaka-miliciyanyn-ishi-zhnnd-socialdyk-rolik-zharyyalandy-video



Добавить комментарий