"Мени караласаң да, кыргыз элиме сөз тийгизбе!". Ташиев Тажикстандын экс-министрине жооп кайтарды

1 апреля 2021 10:21 5329 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрахон Зарифинин социалдык тармактардагы билдирүүсүнө комментарий берди. Бул тууралуу Ташиевдин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Эскерте кетсек, буга чейин, Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Ташиевдин Ворух анклавы тууралуу айткан билдирүүсүнө кескин сын айткан.

Бирок, Тажикстандын бийлиги Ташиевдин Ворух анклавын алмашуу тууралуу сунушуна расмий жооп кайтара элек.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Тажикстандын бир аксакалы Хамрахон Зарифи мамлекеттер аралык чек ара маселеси боюнча мага карата нааразычылыгын жазган экен. Буга карата мен түшүндүрмө бере кетүүнү туура көрдүм.

Мен өкмөттүк делегациянын башчысы катары, Ворух анклавы боюнча сунуштарыбызды кесиптешим урматтуу Саймумин Сатторовичке эки тараптын делегациясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда колуна тапшырганымды айттым. Башка коңшу өлкөнүн дарегине сөз да айтылган жок.

Анан эмне үчүн Хамрахон аксакал буга өтө ачууланган жооп кайтарып, өзүнүн маданиятынын төмөндүгүн жана душмандык мамилесин көрсөтөт? Балким, мен биздин өлкөнүнүн кызыкчылыктарына дал келбей турган алардын сунуштарына макул болбой койгондуктан ушундай жооп кайтарып жатышкандыр?

Кандай гана болбосун, мен баардыгын жакынкы коңшубуз Тажикстан элине достук мамиледе болууга чакырам, ар кандай провокацияларга алдырбоону суранам. Кудай буюрса, баары жакшы болот!

Мени каалаганыңча карала, бирок, менин улуу кыргыз элиме сөз тийгизбе, суранам!”, - деп жазды Ташиев.  

 Эске сала кетсек, Ташиев 26-мартта журналисттерге берген маалымат жыйыны учурунда Кыргызстан Тажикстанга Ворух анклавын Лейлек жана Баткен аймактарындагы жер тилкелерине алмаштырууну сунуш кылганын жарыялаган.

Ссылка: https://barometr.kg/meni-karalasa-da-kyrgyz-elime-sz-tijgizbe-tashiev-tazhikstandyn-murdagy-ministrine-zhoop-kajtardy



Добавить комментарий