Мектептен чыгып үйүн таппаган балага патрулдук милиция кызматкери жардам берди

13 ноября 2019 12:38 8616 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Кечээ 12-ноябрда үйүн таппай калган өспүрүм патрулдук милиция кызматкерине жардам сурап кайрылган. Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, саат 18:00 чамасында Свердлов районунда өз кызматын аткарып жүргөн патрулдук милиция кызматкерлеринин алдынан өспүрүм чуркап чыгып, колун булгаган. Бала жоголуп кеткенин билдирип, үн чыгаруучу жабдыкты көрүп, жардам сурап чуркап чыкканын айткан.

«Патрулдук милиционерлер баланы ШИИБге жеткирип, ал 2010-жылы туулган К.А. экенин аныкташкан. Өспүрүм шаардык мектептердин биринде 3-класста окуйт. Буга чейин башка мектепте окуп, жаңы мектепке которулуп келгенине бир күн болгон. Ал кайра үйүнө барган жолду таппай калган.

Жашы жете электер менен иштөө испекциясынын кызматкерлери тарабынан баланы үйүнө жеткирлип, ата-энелерине өткөрүлүп берилди», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Ссылка: https://barometr.kg/mektepten-chygyp-jn-tappagan-balaga-patrulduk-miliciya-kyzmatkeri-zhardam-berdi



Добавить комментарий