Мектептеги акча чогултуу маселеси кайтадан парламентте көтөрүлдү

23 января 2020 10:27 696 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу жаңы жылдан кийин айрым мектептерде кайтадан акча чогултуу башталып, ата-энелер арасында нааразычылык жаратып жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Депутат буга чейин министрлик мектептерде акча чогултууну токтотуу боюнча буйрук чыгарганын, ал жаңы жылга чейин жакшы жыйынтыктарды бергенине токтолду. Бирок жыл жаңыргандан кийин абал башка тарабына өзгөргөн.

"Ата-энелердин айтуусу боюнча жаңы жылдан кийин кээ бир мектептерде күчкө салып акча чогултуу башталыптыр. Алар "мектептин акыбалы начар болуп жатат" деген шылтоо айтып жатышыптыр. Ушул боюнча өкмөт так позициясын айтып койсо", — деди ал.

Жунус уулу андан сырткары чогултулган акча балдардын окуу сапатына жумшалбай, көп учурда бир, эки кызыктар директорлор өздөрүнө иштешип, ата-энелердин нааразычылыгын жаратып жатканын белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/mekteptegi-akcha-chogultuu-maselesi-kajtadan-parlamentte-ktrld



Добавить комментарий