Башкы прокуратура сапатасыз окуу китептери чыгарылгандыгы боюнча кылмыш ишин козгоду
КРнын Башкы Прокуратурасы Кыргыз Республикасынын билим жана илим министирлигинде текшерүүлөрдү өткөрүп, окуу китептерин чыгарууда бир катар мыйзам бузууларды таап чыкты.
Иликтөөнүн жыйынтыгында 5-6-класстардын «Табият таануу», «География» окуу китептерди даярдап жана аларды тираждоо үчүн улуттук банк тарабынан бөлүнгөн кредиттик жана гранттык 16,5 млн АКШ долларынан 4 млн 168 миң АКШ доллары сарпталганы аныкталды.
Ага кошумча 5-класстардын китебин кайра жаңылоодо тийиштүү кызматкерлер 2012-жылы чыккан китепти кайрадан эле басып чыгуу чечимин кабыл алышкан. Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан керектүү талаптарга жооп бербеген китептерди чыгарууга уруксат берилген. Натыйжада 2018-жылы колдонууга жараксыз жана сапатсыз окуу китептери таратылган.
Жогоруда айтылган жараксыз китептерди басып чыгаруу үчүн жалпысынан 32 млн. 479 миң 363 сом акча каражаты сарпталган.
Бул жагдай боюнча Кылмыш Кодексинин 4-статьянын 304- беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча жана 3-статьянын 204-беренеси (көз боёмочулук) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/mektep-okuuchulary-chn-chygarylgan-pajdalanuuga-zharaksyz-kitepter-tabyldy
Добавить комментарий ×