Мектепте окуган кыз экзамен берип жатканда төрөдү

22 июля 2019 09:45 3211 Barometr
Поделиться в:
ok

Гвинеянын тургуну көз жаргандан кийин жарым сааттан соң экзамен бергенге кайтып келди. Бул тууралуу lenta.ru маалымдады.  

Маму шаарынын тургуну Фатумата Курума Конде (Fatoumata Kourouma Conde) бүтүрүүчү экзамендердин бирине келген кезде толгоосу башталып кеткен.

Аны тез арада ооруканага алып барышып 10 мүнөттөн кийин эркек бала төрөлдү. Кыздын үй-бүлөсү таң калгандай ал тез эле өзүнө келип, жарым сааттан соң экзамен бериш үчүн аудиторияга кайтып барган.

Экзамен алуучу борбордун жетекчиси Мохамед Диаките (Mohamed Diakite) бул маалыматты тастыктады.

Ссылка: https://barometr.kg/mektep-okugan-kyz-ekzamen-berip-zhatkanda-trd



Добавить комментарий