Мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестатты акысыз алышат

3 июня 2020 17:31 1011 Barometr
Поделиться в:
ok

Мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестатты акысыз алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектеп жетекчилери жана башка билим берүү өкүлдөрү тарабынан аттестатка акча талап кылынбайт.

«Бул боюнча шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эгер аттестат жоголуп кетсе же башка бир себептерден улам керек болуп калса, дубликатты 41 сомго, сырты менен кошкондо 61 сомго сатып алса болот», — деп айтылат маалыматта.

Эпидемиологиялык кырдаалдан улам министрлик басмакана менен биргеликте документтерди облустук билим берүү борборлоруна жеткирип берилет.

Эске салсак, бүтүрүүчүлөр аттестаттарын 18-20-июнда ала алышат.

Ссылка: https://barometr.kg/mektep-btrchlr-attestatty-akysyz-alyshat



Добавить комментарий