Мексикалыктар Корея курама командасын утуп алды
Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында Мексика курама командасы Түштүк Кореялыктарды 2:1 эсебинде утуп алды.
Беттеш Ростов-на-Дону шаарында “Ростов-Арена” стадионунда өттү.
Оюндун биринчи бөлүгүнүн 27-мүнөтүндө мексикалык футболчу Карлос Вела пенальти тебүү менен алгачкы топту киргизди. Ал эми экинчи бөлүктүн 66-мүнөтүндө ушул эле команданын оюнчусу Хавьер Эрнандес экинчи топту дарбазага киргизүү менен өз командасын күчтөндүрдү. Оюн аяктап калганда Кореялык курама командасынын оюнчусу Сон Хын Мин намыстандыбы айтор 1 голду киргизүүгө жетишип калды. Ошентип, Мексикалыктар Кореянын курама командасын 2:1 эсебинде утуп алышты.
Ссылка: https://barometr.kg/meksikalyktar-koreya-kurama-komandasyn-utup-aldy
Добавить комментарий ×