Мексикада төрт жыл мурда жоголгон 43 студентти издөө боюнча тергөө иши кайрадан жанданды

6 июня 2018 00:50 1401 Barometr
Поделиться в:
ok

Мексикада төрт жыл мурда жоголгон 43 студентти издөө боюнча тергөө иши кайрадан жанданды.

Жоголгон студенттердин ишин тергөө боюнча атайын комиссия түзүү чечими кабыл алуунун себеби, ийгиликсиз тергөөдөн улам келип чыккан.

Reuters маалыматына караганда, аталган комиссиянын курамы өкмөттүн, укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү жана жоголгон балдардын ата-энесинен турат.

Эске салсак, 2014-жылдын сентябрь айында мексиканын Игуале шаарында педогогикалык колледжде окуган 43 студент жоголуп кеткен. Алар жергиликтүү бийликке каршы акцияга чыгууга бара жатканда, полиция өкүлдөрү кармап кетишкен. Алардын тагдыры эмне болгону али күнгө чейин белгисиз калууда.

Ссылка: https://barometr.kg/meksikada-trt-zhyl-murda-zhogolgon-43-studentti-izd-boyuncha-terg-ishi-kajradan-zhandandy



Добавить комментарий