“Мекеним Кыргызстан” партиясы коронавируска каршы күрөштө жардам берүүгө даяр
“Мекеним Кыргызстан” партиясы жергиликтүү бийликке коронавируска каршы күрөштө жардам берүүгө даяр.
“Мекеним Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү Айбек Осмоновдун төрагалыгынын астында активдердин жыйыны өттү, анда коронавируска каршы күрөшүүдө Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган чараларды колдоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Жергиликтүү бийлик органдарына шайлоолорго даярдыктар башталган 5 шаарда партиянын үгүтчүлөрү жана жактоочулары жергиликтүү өз алдынча органдарына коомдук транспортторду, көчөлөрдү жарандар көп топтолгон жерлерди санитардык тазалоо боюнча иштерди уюштурууга жардам берүүгө даяр. Ошто, Караколдо, Майлуу-Сууда, Балыкчыда жана Токмокто коюлган милдетти аткаруу үчүн 100 ыктыярчы (волонтёр) каалаган учурда чыгууга даяр.
“Мекеним Кыргызстан” партиясы зарылдыгына жараша ыкчам түрдө ыктыярчылар тобун Бишкек жана өлкөнүн башка шаарларына дезинфекциялоочу иштерди жүргүзүүгө чыгара алат. Партиянын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнө жергиликтүү бийлик органдары менен байланышып, эпидемияга каршы масштабдуу чараларды жүргүзө турган болсо, өз ара кызматташуунун варианттарын талкуулоо тапшырмасы берилди.
Добавить комментарий ×