Кыргызстанда 2-3-4-май иш күндөрү болуп саналат
Айрым мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 2020-жылдын 2, 3 жана 4-майы иш күндөрү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын Басма сөз кызматы маалымдады.
Бул чечим Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды ыкчам кабыл алуу жана экономиканын башка тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталды.
Ушул документте көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилди.
Муну менен катар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 2020-жылдын 2, 3 жана 4-майын иш күндөрү деп жарыялоо, Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо сунушу берилди.
Добавить комментарий ×