Мейманканабы же сойкуканабы? Текшерүү башталды

3 мая 2019 13:05 2540 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан учурда Ош шаарынын Абсамат Масалиев проспектисинин №87 үйүнүн жашоочуларынан түшкөн арыз иликтенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма өз кызматы кабарлады.

Аталган үйдүн жашоочулары үйдүн биринчи кабатында жайгашкан мейманкананы «мейманкана ээси сойкукана катары пайдаланып жатат» деген мазмундагы арыз менен 23-апрелде Ош шаарлык мэриясына жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылышкан.

Бүгүнкү күндө тергөө кызматы аталган үйдө жашаган жашоочулардан тиешелүү көрсөтмөлөрдү алып, мейманкананын башка уруксат кагаздарын текшерүүдө. Аталган арыз Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 167-беренесинин менен (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) катталып, сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/mejmankanaby-zhe-sojkukanaby-teksher-bashtaldy



Добавить комментарий