“Мегаком” компаниясында 14 жылдан бери иштеген Айгүл Кулова: Бул жер менин экинчи үйүм

28 апреля 2020 11:44 3545 Barometr
Поделиться в:
ok

"Мегаком" компаниясынын Контакт-Борборунун жетекчиси Айгүл Кулованы компаниянын 14 жылдыгын утурлай "Барометр" маалымат агенттиги кепке тартты. Ал 18 жашынан бери компаниянын call-борборунда иштеп келет. Анын башынан өткөн кызыктуу окуялары, жумуш маалыда эсте калган учурлары тууралуу сүйлөштүк. Эң кызыгы Айгүл Кулованын дагы туулган күнү “Мегаком” компаниясынын туулган күнүнө дал келет. Андыктан ал үчүн 28-апрель өзгөчө күн. 

- Айгүл айым, компанияга кантип келип калганыңыз тууралуу айтып бербейсизби?

- Мен “Мегаком” компаниясынын расмий сайтындагы электрондук дарекке резюмемди жөнөткөм. Бул учурда мен Туризм академиясында биринчи курсту аяктап жаткам. Жайында иштеп акча таап алайын деп резюмени жибердим. Кийин мага чалып, аңгемелешүүгө чакырышты. Андан ийгиликтүү өттүм. Башында бизди үч жумадай окутушту. Аттестациядан ийгиликтүү өтүп, Call-борбордун оператору болуп калдым. Азыр ошол Контакт-Борбордун жетекчисимин.

- Иш учурунда кайсы учурлар эсте калды. Адаттан тыш, кызыктуу окуялар болдубу?

- Жалпысынан айта турган болсок маанай көтөргөн көп окуялар болду. Чынын айтсам мени менен андай учурлар болгон жок. Бирок чогуу иштеген балдарга күбө болдум. Бир учурду айтып берейин. Call-борбор жабылып, өзбек тилдүү бир оператор калган. Ал жерге төшөк салып, башына топусун кийип алып отуруп кардарларга жооп берген. Ушундай учурлар кездешет. Чынында call-борборда жаштар иштешет. Алардын энергиясы ашып-ташып турат да. Андыктан аябай көңүлдүү.

- Call-борборго кайсы учурларда көп чалышат? Эмне маселе менен кайрылышат?

- Негизинен кардарлар акчам кайда кетти, эмнеге кызмат иштебей жатат, эмнеге тарифтик планым узарган жок деп чалышат. Биз аларга сылык жооп берип, бардыгын түшүндүрүп беребиз. Бизге ачууланып чалган абоненттердин ачуусу таратканга аракеттенебиз.

- Кандай суроолорду эң көп беришет?

- Кайсы тарифтик план эң мыкты, кайсы тариф интернетти колдонуу үчүн ыңгайлуу, акчам кайда кетти. Жалпысынан алганда байланыш тууралуу, тарифтер боюнча жана кызмат көрсөтүү жөнүндө сурашат.

- Компанияга келгенден кийин сиздин жашооңуз кандай өзгөрдү?

- “Мегаком” компаниясы менин экинчи үйүм десем жаңылбайм. Мен бул жерде 18 жаштан кийинки убактымдын көбүн өткөрдүм. 28-апрелде менин туулган күнүм. Эң кызыктуусу дал ушул күнү компаниянын дагы туулган күнү. Ар жыл сайын туулган күнүмдү белгилөө аябай эсте калат.

Компания жашоомо чоң түрткү берди. Мен ага аябай ыраазымын. Биздин компания кызматкерлердин ар тараптуу болушун, өнүгүшүнө маани берет. Ар кандай семинарлар, тренингдер өтөт. Тимбилдинг дагы аябай өнүккөн. Компаниянын жетекчилиги да буга көңүл бурат.

Мен ушул кезге чейин call-борбордон башка жакка кетүүнү ойлогон жокмун. Себеби, бул жак менин үй-бүлөм болуп калды. Андан сыркткары быйыл бул бөлүмдүн жетекчиси да болдум. Ага абдан кубанычтамын.

Мен биздин бардык кызматкерлерге чың ден соолук, жакындарынын амандыгын каалайм. Азыр компания байланышты жакшыртуу үчүн чоң техникалык иштерди аткарды. Коронавирус учурунда да компания элге жардам берип келет. Мына медицина кызматкерлерине байланыш боюнча жардам бердик.

- Маегиңизге чоң рахмат. Кош келген туулган күн кут болсун.

- Рахмат.

“Барометр” маалымат агенттиги дагы “Мегаком” компаниясын 14 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт. Ар дайым байланыш тармагында алдыда болуп, абоненттердин алкоосуна арзышына тилектеш.

Ссылка: https://barometr.kg/megakom-kompaniyasynda-14-zhyldan-beri-ishtegen-ajgl-kulova-bul-zher-menin-ekinchi-jm



Добавить комментарий