MegaCom дарыгерге электрондук кезекке туруу үчүн "Онлайн-регистратура" кызматын ишке киргизди

2 декабря 2020 14:08 1792 Barometr
Поделиться в:
ok

"Онлайн-регистратура" кызматын тааныштыруу жана электрондук медицина долбоорлору боюнча өз ара аракеттенүүнүн алкагында "Альфа Телеком" ЖАКтын жана КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюулду.

Маалымат жыйынга "Альфа Телеком" ЖАКтын коммерциялык директору Өмүракунов Бакытбек Абдыралиевич, Саламаттык сактоо министринин орун басары Жангазиев Бакыт Ишенович жана КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы электрондук саламаттыкты сактоо борборунун директору Станбеков Бактыяр Карыпбекович катышышты.

MegaCom компаниясы MEGA24 тиркемесинин жардамы менен ыңгайлуу мезгилде дарыгерге жазылууга мүмкүнчүлүк берет.  Саламаттык сактоо министрлиги менен MegaCom компаниясы биргеликте "Онлайн-регистратура" инновациялык кызматын  ишке ашырганын кубануу менен кабарлап, Кыргызстандын электрондук медицина тармагын өнүктүрүү жана санариптештирүү багытына арналган долбоор жүзөгө ашырылып жатканын билдирет.

“2020-жылдын жыйынтыгын алып карасак "Онлайн-регистратура" долбоорунун алкагында 1,5 миллиондон ашык адам дарыгерге электрондук кезекке жазылды.

Бул кызматка эң чоң суроо-талап Кыргызстандын ири шаарларынын жашоочулары арасында көп болуп жатат.

"Онлайн-регистратура" кызматы ишке кире электе, республиканын медициналык мекемелеринин кызматкерлери бул кызматты интеграциялоого жана калкка жеткиликтүү кылуу үчүн атайын окуудан өтүштү”, - деди Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев.

Бүгүн, 2-декабрда, MegaCom компаниясынын башкы кеңсесинде "Альфа Телеком" ЖАКтын (MegaCom оператору) жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосунда электрондук медицина долбоорлорунун алкагындагы кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюлду.

"Коронавирус пандемиясы саламаттыкты сактоо тармагын тез арада өнүктүрүү керек экенин көрсөтүп койду.  MegaCom компаниясы социалдык жоопкерчиликтүү мекеме катары демилгелердин ишке ашырылуусун колдоого ар дайым даяр. Санариптик технологияны жана электрондук медицинаны өнүктүрүү тармагындагы социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу өтө маанилүү", − деп белгиледи "Альфа Телеком" ЖАКтын коммерциялык директору Бакытбек Өмүракунов.

КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен MegaCom компаниясы тарабынан электрондук медицина кызматын киргизүүнүн маанилүү баскычы − "Онлайн-регистратура" заманбап кызматын ишке киргизүү болуп калды. Эми MegaCom'дун абоненттери болуп саналган бейтаптарга дарыгерлердин кабыл алуусуна кезекке туруп убакыт коротуунун зарылчылыгы болбойт. Мамлекеттик бейтапканалардагы бекитилген дарыгерине жазылуу үчүн бир нече жөнөкөй кадамдарды аткаруу жетиштүү:

•             MEGA24 тиркемесин жүктөп алуу же ага кирүү, "Портал" бөлүмүнө өтүү жана "Дарыгерге жазылуу" баннерин басуу;

•             андан соң ИНН жана телефон номерин киргизүү үчүн форма ачылат;

•             өзү каалаган дарыгерди тандоо;

•             ыңгайлуу датаны жана саатын тандап, "Жазылуу" баскычын басуу.

"Онлайн-регистратура" кызматы саламаттыкты сактоо мекемелеринин имараттарынын ичинде көпкө кармалуу учурунда ар кандай жугуштуу оорулардын таралуу коркунучун төмөндөтүүгө багытталып, Кыргызстандын медицина кызматкерлери үчүн ишенимдүү мобилдик жардамчы болууну көздөйт.

Ссылка: https://barometr.kg/megacom-kompaniyasy-darygerge-elektronduk-kezekke-turuu-chn-onlajn-kattoo-kyzmatyn-ishke-kirgizdi



Добавить комментарий