Медицина жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери айлык акыларын толук көлөмдө алышты

15 июня 2020 15:02 998 Barometr
Поделиться в:
ok

Медиктердин жана күч түзүмдөрүнүн май айы үчүн айлык акылары толук көлөмдө каржыланды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

“Коронавируска каршы күрөшкө тартылган медиктерге март, апрель жана май айлары үчүн кошумча төлөмдөр берилген. Бүгүнкү күндө дээрлик 700 млн сом суммасында кошумча каражат издөө маселеси турат, бул маселе Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иштелүүдө. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери боюнча, учурда тизмелер такталып жана эсептер даярдалып жатат, Өкмөттүн чечиминен кийин Финансы министрлиги тарабынан каражаттар бөлүнөт», - деп билдирди КР финансы министринин орун басары М.Амандыков.

Ссылка: https://barometr.kg/medikterge-zhana-ukuk-korgoo-organdarynyn-kyzmatkerlerine-tlmdrd-ber-tuuraluu



Добавить комментарий