Медиктер бананды көбүнчө аялзатына этек кир келгенде колдонууну сунушташат
Бананды маймылдан кийин эле эң биринчи жолу байыркы египеттиктер даамын татып көрүшүптүр. Бүгүнкү күндө ар бирибиз эле бананды жакшы көрүп жегенибиз менен баарыбыз эле анын пайдасы тууралуу биле бербейбиз. Банандын курамы С, В витаминдерге бай жана сасык тумоодон сактап, чарчаганды көп сездирбейт.
Бир күндө эки банан жеген адам организмин калий менен камсыз кылып, бир күндүк энергияны топтой алат экен. Норвегиянын окумуштуулары бананды күнүгө жеген адам кан басымы калыбына келип, ага эч кандай дарынын кереги тийбесин далилдешкен. Андан сырткары, бөйрөк, боору ооругандарга банандын жардамы чоң. Медиктер бул жемишти көбүнчө жаш балдарга, улгайган адамдарга көбүрөөк колдонууну сунушташат. Спорт менен машыккан адамдар короткон энергиясын эки банан жеп калыбына келтирсе болот.
Баса, банан көбүнчө аялзатына этек кир келгенде пайдалуу. Ошондой эле биринчи жолу эне мээримине ээ болуп, бала эмизип жаткан энелерге күч-кубат керек болгондо, операция болгондон кийин алсыздыкты жеңүүдө таасири чоң. Ошол эле учурда бул жемиш аялзатынын дене-мүчөсүн бир калыпта кармап, ашыкча салмактуулуктан сактайт. Бирок, бир бананда 90 килокалория бар экенин унутпаңыз. Аны көпчүлүк учурда салмак алууда колдонушат. Аны сүт менен кошо колдонууда кылдат болууңуз зарыл. Ошондой эле ачытылган капуста менен кошо пайдаланганда, ички ичеги кислоталардын жогорулап кетишинде жегенге тыюу салынат. Бирок, ошентсе да жер жемиштерге кошуп, салаттарды жасап жесе абдан таттуу жана пайдалуу болот. Эгер сиз кант диабети менен ооруп жүрсөңүз аны жегенге болбойт. Анткени, банандагы кара тактар андагы канттын көптүгүнөн кабар берет.
Ссылка: https://barometr.kg/medikter-banandy-kbnch-ayalzatyna-etek-kir-kelgende-koldonuunu-sunushtashat
Добавить комментарий ×