Медициналык беткаптар жетишпей жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эскертүүсү

4 март 2020 09:28 652 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы беткаптардын дүйнө боюнча жетишпей жатканына тынчсызданды. Уюмдун кабарлашынча, коронавирус менен күрөшүүдө ай сайын 89 миллион беткап менен 76 миллион медициналык колкап керектигин эскертет.

Андан сырткары медицина кызматкерлери үчүн айына 1,6 миллион коргоочу көз айнектер керек.

Вирустун алдын алуу үчүн эң керектүү болгон каражаттардын жетишпей жатышы дүйнө жүзүндөгү адамдардын өмүрүнө коркунуч туудура турганы уюмдун 3-марттагы пресс-релизинде айтылат.

Андыктан дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өндүрүшчүлөрдү коргоочу каражаттарды чыгарууну 40 пайызга көбөйтүүнү суранды.

Аны менен катар бир суткада эле коронавирус 1922 кишиге жукканы аныкталып, анын көбү Кытайда экени маалымдалат.

Ссылка: https://barometr.kg/medicinalyk-betkaptar-zhetishpej-zhatat-djnlk-salamattyk-saktoo-uyumunun-eskerts



Добавить комментарий