Медицина кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт

1 октября 2018 15:25 1910 Barometr
Поделиться в:
ok

1-октябрдан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын эмгек акысы жогорулайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн кол койду.

Аталган чара медициналык тейлөөлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле биринчи звенодогу медициналык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Жаңы токтомдун негизинде үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын айлык акысынын кепилденген бөлүгүнүн деңгээли жана эсептөө тартиби өзгөртүүсүз калтырылып, жаңы төлөм тартиби ишке киргизилүүдө. Ага ылайык, жардам көрсөтүүдө жана натыйжалуулукка жетишүүдө үй-бүлөлүк дарыгерлердин жеке салымына жараша эмгеги бааланып, кепилденгенден жогорку кошумча эмгек акы эсептелет. Мында көрсөткүчтөр жогорку болсо, алардын маянасы эки эсе көбөйтүлөт.

Белгилей кетүүчү жагдай, медициналык кызматкерлердин кошумча эмгек акысы жаңы тутумга ылайык, кепилденген айлык акысынын курамына кирбейт. Жаңы токтомго бюджеттен 2018-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин 157,5 млн сом жана 2019-жылдын 1-январынан баштап 630 млн сом жылына бөлүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/medicina-kyzmatkerlerinin-ajlygy-zhogorulajt



Добавить комментарий