Мечиттерде жума намазын окууга убактылуу тыюу салындыбы? Муфтияттын жообу

23 апреля 2021 15:00 4428 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда эпидемиялогиялык абалдын курчуп жатканына байланыштуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору муфтиятка бир катар чектөөлөрдү киргизүү тууралуу кат жолдогон. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан “Барометрге” кабарлашты.

Маалым болгондой, коронавирус илдетинин көп катталып жатканына байланыштуу эл көп топтоло турган жума намазы, ифтар, даават сыяктуу иш-чараларды убактылуу токтото туруу сунушталган.

«Бизге жума намазы, айт намазы, ифтар, дават айтуу жана массалык иш-чараларды өткөрүүнү убактылуу токтотуу сунушталды. Бүгүн, 23-апрелде биз бул сунушту карап жатабыз. Кийинчерээк, жетекчилик тарабынан кабыл алынган чечим жөнүндө жалпыга маалымдайбыз», - деп билдирди муфтияттын басма сөз кызматы.

Ссылка: https://barometr.kg/mechitterde-zhuma-namazyn-okuuga-ubaktyluu-tyyuu-salyndyby-muftiyattyn-zhoobu



Добавить комментарий