Видео. Ташиев талаада өрт өчүрүп жүрөт

17 августа 2019 09:01 1451 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөчө кырдаалдардын мурдагы министри Камчыбек Ташиев талаада өрт өчүрүп жүрөт. Ал буга байланышкан фото жана видеону өзүнүн facebook баракчасына койгон. Анда экс-министр, экс-депутат бир катар жарандар менен ээн талаада куураган чөптөр жалындап өрттөнүп жатканда аны колдо, талдын шагы менен өчүрүп жатканын көрүүгө болот.

Окуя Ташиевдин өзүнүн Барпы айылы (Жалал-Абад) экени, бирок качан, кайсыл жеринде болгону тууралуу айтылган эмес. Бирок видеодо байкалгандай адыр экени көрүнөт.

Facebook колдонуучулар буга карата ар кандай пикирлерди калтырышкан. Айрымдар “элдин адамы ушундай болушу керек”, “Бекеринен МЧС болуп иштеген эмес экен”, “Камчы ака МЧС болуп туулган кишисиз” дешсе, кээ бирөө “Ташиев өзүн пиар кылып жатат” деген пикир калтырган. Алардын катарында “Сибирдеги өрттү өчүрүүгө жардам бериңиз эми)))” деген тамашалуу комментарийлер да бар.

Эске сала кетсек, Ташиев бир кезде Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштегени белгилүү.


Ссылка: https://barometr.kg/mchstin-eks-ministri-tashiev-talaada-rt-chrp-zhrt



Добавить комментарий

  • Барпыда бир жигит озунун атын чыгарыш учун жерди орттоп жиберди эле,Камчы аке мээнет кылсан эл тааныйт деп орттонуп жаткан жерди очуруп салды.