Матраимовдордун фонду бул ирет Жайыл районуна жардам көрсөттү - видео
"Исмаил Матраимов" атындагы фонд Жайыл районуна 50 тонна ун жана 5 000 даана медициналык беткап түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдирди.
Ага ылайык, берилген жардамдын ичинен 300 кап ун, Кара-Балта шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жардамга муктаждарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана оор кырдаалга туш болгон жарандарга таратылды.
"Тийешелүү жардамдарды өз дарегине жеткирип берүүгө кол кабыш кылгандарга "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фондунун жамаатынын атынан ыраазычылык билдиребиз", - деп жазды ал.
Эске салсак, буга чейин "Исмаил Матраимов" атындагы фонд карантин киргизилип, өзгөчө абал жарыяланган Сузак, Ноокат райондору менен Ош шаарына да жардам берген болчу. Андан сырткары Ош шаарындагы ооруканага коронавирусту аныктай турчу 10 миң даана экспресс-тест тапшырган.
Ссылка: https://barometr.kg/matraimovdordun-fondu-bul-iret-zhajyl-rajonuna-zhardam-krstt-video
Добавить комментарий ×