Машыктыруучу 7 жашар баланы машыгуу учурунда сабап өлтүрүп койду
Азербайжандын Сумгаит шаарында дзюдо жана самбо боюнча машыктыруучу, Европа оюндарынын коло байгесинин ээси Мехман Халилов өз тарбиялануучусун сабап өлтүрүп алды. Бул тууралуу жергиликтү маалымат каражаттары жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, каза болгон бала жети жашта болгон.
Окуя башка тарбиялануучулардын көзүнчө машыгуу учурунда болгон.
Белгилүү спортчу жашы жете элек балага орой жана коркунучтуу ыкманы колдонуп, натыйжада баланын мойну сынып кеткен.
Бала балдар ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлердин аракетине карабай анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Үрөй учурган окуяны спорт мектебинде орнотулган көзөмөл камерасы тартып алган. Кадрда машыктыруучу баланы тепкилеп, чачынан сүйрөп жатканын көрүүгө болот.
Халилов кармалып, ага карата “Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ссылка: https://barometr.kg/mashyktyruuchu-7-zhashar-balany-mashyguu-uchurunda-sabap-ltrp-kojdu
Добавить комментарий ×