"Маша жана Аюу" мультфильминдеги эпизод Гиннестин рекорддор китебине киргизилди
"Маша жана Аюу" мультфильминин "Маша жана каша" аттуу эпизоду Гиннестин рекорддор китебине Youtubeтагы эң көп көрүлгөн анимациялык ролик катары киргизилди.
Мультфильмди көрүүлөрдүн саны 3,4 миллиарддан ашкан. Бул видео алдыңкы 5 көп көрүлгөн тасмалардын арасына кире алган алгачкы анимациялык ролик экендиги белгиленүүдө.
Буга кошумча мультфилмдин жаңы "Бардык жашоо - театр" деп аталган эпизоду бир жумадан кийин жарыка чыгаары да айтылууда.
"Маша жана Аюу" мультисериалы 2009-жылы экрандарга чыга баштаган. 10 жылдын ичинде ал 36 тилге которулуп, 100дөн ашуун өлкөлөрдө көрсөтүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/masha-zhana-ayuu-multfilmindegi-epizod-ginnestin-rekorddor-kitebine-kirgizildi
Добавить комментарий ×