Масалиев: “Коронавирусту аныктаган диагноз коюунун баасы коомчулукка ыңгайлуу эмес экен”

10 июня 2021 12:07 1825 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев COVID-19 илдетине чалдыкты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

“7 күндөн бери изоляциядамын. Канчалык этият болгонум менен, баарибир бул вируска чалдыктым.  Баары жакшы, эч кандай кыйынчылыктар жок.  Бирок текшерүү процедурасы (тесттерди тапшыруу) республикада пандемияга каршы диагноз коюу коомчулукка ыңгайлуу эмес экен.

 Биринчиден, анализдердин баасы кымбат, көпчүлүк жарандардын каражаттары жетпейт.  Мисалы, менин анализдеримдин жыйыйнтыгы аркы-беркиге 15000 сомдой болду.  Акысыз карап жыйынтык чыгарып берүү адам оорлошуп бара жатканда гана жүргүзүлөт.  Оорунун жыйынтыгын чыгарып берүүну акысыз же минималдуу баада кылыш керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасы чындыкка дал келбейт. Тилекке каршы, адамдар ушул жугуштуу оорудан улам бул дүйнө менен кош айтышып жатат.

Экинчиден, байланышка чыккан жарандардын диагнозун коюунун деле кажети жок окшойт, мисалы, мен жеке өзүм сурадым, ошондон кийин гана медициналык бригада келип (аларга чоң рахмат), жакын адамдарымдан анализ алышты.  7 кишинин анализинин акчасын төлөө мен үчүн дагы кыйын болду.

Үчүнчүдөн, биздин министр шоу жараткандын ордуна, вируска каршы чыныгы күрөш үчүн бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү талап кылышы керек.

Албетте, адамдардын 99 пайызы коронавирустан айыгып кетишет, бирок бул аларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кандай зыян келтирет?

Учурдан пайдаланып, баарына кайрылам — өзүңүзгө кам көрүңүз, эмдөөдөн өтүңүз, этият болуңуз!”- деп жазган Масалиев.

Ссылка: https://barometr.kg/masaliev-pandemiyaga-karshy-diagnoz-koyuunun-baasy-koomchulukka-ygajluu-emes-eken



Добавить комментарий