Марста адамдар башка келбетте болуп калышы мүмкүн

24 май 2019 09:43 1079 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамдар Марста туруктуу жашап калганда кандай өзгөрүү болорун эволюциялык биолог жалпылаштырып сүрөттөп берген. Бул тууралуу kratko-news.com маалымат булагы жазып чыккан.

Адамзат Кызыл планетага ийгиликтүү гана конбостон, ал жерде жүздөгөн адамдар туруктуу жашаган колонияны кургандыгын бир саамга элестетип көрөлү.

Inverse булагына берген жакынкы убактагы маегинде Техас штатындагы Райса университетинин профессору Скотт Соломон мындай колонияда жашаган адамдар кандай сыноолорду өткөрөрү, айрым өзгөрүүлөр жана көнүүлөр туурасында айтып берген.

«Кайсыл бир өзгөчөлүк белгилүү бир мутацияга ээ болгондугуна жараша эволюция бат же жайыраак жүрөт. Эгер Марста жашаган адамдарда мутация пайда болсо, бул 50 пайыз жашап кетүү мүмкүнчүлүгүн берет, бул чоң мүмкүнчүлүк, туурабы? Жана бул адамдар жетишерлик тез ылдамдыкта бул генди бирине-бири өткөрүп берерин түшүндүрөт”,-дейт профессор.

Мисалы, марсиандар төмөн тартылуунун ордун толтуруу үчүн бекемиээк жана тыгызыраак сөөктү өрчүтүшү мүмкүн. Алар ошондой эле зыяндуу нурдануудан сактанууга жардам берүүчү башка өңдөгү териге да ээ болушат.

Тар жашоо шартында өмүр өткөрүү кол жеткен абаны натыйжалуу пайдалануу сыяктуу эле алысты көрбөөнүн кеңири жайылышын шартташы дагы ыктымал.

Жерде табылган бактериалар менен вирустардан алынган адамдар Марста деле алсыз иммундук системага ээ болушуп, убакыттын өтүшү менен марсиандык колонисттер таптакыр башка келбетке ээ болушу да  мүмкүн экен.

Ссылка: https://barometr.kg/marsta-adamdar-bashka-kelbette-bolup-kalyshy-mmkn



Добавить комментарий