Маршруттук таксиден жүргүнчүнүн $ 40 000 салынган баштыгын уурдап кеткен жаран кармалды
Маршруттук таксиден 40 000 доллар салынган баштыкты уурдап кеткен адам кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирген маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
2021-жылдын 26-январда болжол менен саат 18:08 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жүргүнчү ташуучу маршурттук унаанын ичнен баштыгымды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1979-жылы туулган О.Н. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректе каттамда бара жаткан маршурттук унаанын ичинен баштыгын белгисиз адамдар уурдап алып койгондугун кабарлаган. Баштыгынын ичинде “Редми-9” үлгүсүндөгү чөнтөк телефону жана 40 000 АКШ доллары бар экендигин кабарлаган.
Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш- чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган К.Б. аттуу жаранды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндурүшкө алынды.
Добавить комментарий ×