Маршруттук каттамдын айдоочулары жол акысын жогорулатууну талап кылышууда
Маршруттук каттамдардын айдоочулары жол акысын жогорулатууну талап кылып жатышат, бирок мэр Азиз Суракматов буга каршы. Бул тууралуу маалыматты мэриянын аппарат жетекчиси Балбек Түлөбаев кабарлады.
Анын айтымында ташуучу компаниялардын өкүлдөрү мэр менен жолугушуп кайрадан жол акысын жогорулатуу маселесин көтөрүштү.
"Мэр Азиз Суракматов айдоочулардан жол акысын жогорулатуудан мурда аларды жол эрежесин бузбоого, жарандардын коопсуздугун камсыздоого, санитардык жана техникалык абалдарын жогорку деңгээлде алып жүрүүгө чакырды.
Мэр жол акысынын жогорулашына каршы." -деп жазды Түлөбаев өз фейсбук баракчасына.
Эске салсак үстүбүздөгү жылдын апрель айында маршруттук каттамдар иш таштоого чыгышып жарандарга кыйынчылык жаратышкан.
Маалымат үчүн айта кетсек Бишкек шаарыда жалпысынан 118 линия бар, аларды жалпысынан 43 жеке фирмалар тейлейт. Күн сайын 2200 маршруттук унаалар жолго чыгышат жана алардын көпчүлүгүнүн техникалык абалдары начар.
Ссылка: https://barometr.kg/marshruttuk-kattamdyn-ajdoochulary-zhol-akysyn-zhogorulatuunu-talap-kylyshuuda
Добавить комментарий ×