Маршруттук каттамдар иш таштайт деген маалымат тарады. Буга айдоочулар каршы

14 января 2019 14:51 842 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Коомчулукта акыркы күндөрү тактап айтканда эртең 16-январда маршруттук каттамдардын айдоочулары иш таштоого чыгышып, митинге чыгат деген маалымат тарады. Бул маалыматты тактоо үчүн 106-маршруттук каттамдын Азиз аттуу айдоочусуна байланышка чыгып көрдүк. Анын айтымында айрым маршруттук каттамдар иш таштоо кылабыз деп жаткандары чын.

“Биздин азыр чынын айтанда баарыбыздын эле карыздарыбыз, кредиттерибиз бар. Үй-бүлө деген бар. Акча баарына керек да, буюрса мамлекет башчыларыбыз жол акысын бир аз болсо да жогорулатып берсе деп эле турабыз. Бирок 16сында митингге чыкпайбыз. Бирок ватсап аркылуу ошондой маалыматтар тарап жаткандыгы чын. Биз иштейбиз.” –деп билдирди Азиз мырза.

Эске салсак, 2019-жылдын башынан баштап эле маршруттук каттамдардын айдоочулары жол акысын 12 сомго жогорулатууну талап кылышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/marshruttuk-kattamdar-ish-tashtajt-degen-maalymat-tarady-buga-ajdoochular-karshy



Добавить комментарий