Кой-Ташта каза болгон маркум Үсөн Ниязбековго полковник наамы ыйгарылат

8 август 2019 15:02 1117 3 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Атамбаевди кармоо операциясында каза болгон УКМКнын атайын бөлүгүнүн өкүлү Үсөн Ниязбековдун артында төрт баласы калды. Ал 1-сентябрда полковник аскердик наам алмак.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Орозбек Опумбаев Парламенттин кезексиз жыйынында депутаттарга маалымат берип жатып айтты.

Үсөн Ниязбеков Ошто, Өзгөндө бир катар террордук операцияларды каармандык, эрдик көрсөткөн болчу. Ал 1-сентябрда полковник наамын алмак. Тилекке каршы, каза болуп калды. Ага карабай маркум Үсөн Ниязбековго “өлгөндөн кийин” полковник наамы ыйгарылат”, - деди УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев.

Жогорку Кенеш Атамбаевди кармоо атайын операциясындагы окуядан улам бүгүн кезексиз жыйынга чогулду. Учуда күч органдарынын жетекчилери окуя боюнча маалымат берип жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/markum-sn-niyazbekovgo-polkovnik-naamy-yjgarylat



Добавить комментарий

  • Бердалы 5 лет назад
    Өлгөн адамга Генерал берсең да пайдасы жок андан көрө үй-бүлөсүнө жакшы кам кордук кылыш керек. Ал Кыргызстан үчүн Кыргыз эли үчүн жанын аяган жок. Биздин бийликтегилер 2 айда унуткарбаса болгону.
  • Гулсара 5 лет назад
    Биздин Кыргыздарда олгондон кийин берген САЛТ болуп калды окшойт,адамды тируу кезинде баалаш,баркташ керек!Качан кара жерди кучактап жатканда анан беришет.Эмне деген Таланттуу,Баатыр,Сасык Саясатты чукуган бетке чабаар ,Кыргыздын мыкты уул кыздары отту Дуйнодон,баарына олгондон кийин беришти.Ээ ЭЛИТАЛАР качан монолит???!!!🤔🤔🤔